БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстанда Code 95 сертификатын алуу үчүн окуу курстары ачыларын президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.
Бийлик европалык компания менен келишип, курс ачууда. Окуу ушул жылдын июнь-июль айларынан тарта башталат. Окутуу айдоочунун СЕ категориясын качан алганына жараша бир же үч жумага созулат.
Курсту Кыргызстанда бүткөндөр Европага барганда кошумча экзамен же окуусуз эле сертификат алса болот. Code 95 сертификаты улуттук айдоочулук күбөлүк менен бирге көрсөтүлгөндө гана жарактуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, Европа биримдигинде жүк жана жүргүнчү ташуу менен алектенген айдоочулар үчүн Code 95 сертификаты талап кылынат.