Кытайдан Бишкекке психотроптук заттарды алып келген. Шектүү колго түштү

Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кытайдан Кыргызстанга психотроптук заттарды жана прекурсорлорду алып келип, интернет-дүкөн аркылуу сатууну көздөгөн киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.
1 / 2

Шектүү баңгизатты интернет-дүкөн аркылуу сатмак болгон

2 / 2

Тинтүү учурунда жанынан туз кислотасы жана баңгизат жасоодо колдонулуучу прекурсорлор табылды

Маалыматка караганда, шектүү синтетикалык баңгизаттарды даярдап сатууну дагы көздөгөн.

"Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Курманжан датка көчөсүнөн 36 жаштагы А.Э. кармалды. Тинтүү учурунда жанынан туз кислотасы жана баңгизат жасоодо колдонулуучу прекурсорлор табылды. Мындай заттардын жалпы салмагы 69,9 килограммды түздү", — деп айтылат маалыматта.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 284-беренеси (Прекурсорлорду мыйзамсыз жасоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүүнүн шериктерин аныктоо боюнча иш жүргүзүлүүдө.
Ысык-Көлдө баңгизат лабораториясы аныкталып, уюштуруучулары кармалды