БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Балбан Эрназар Акматалиев UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты.
Спортчу жакында эле Бишкекте өткөн Азия чемпионатында коло медаль жеңип алган. Натыйжада 6500 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде алдыңкы сапка көтөрүлгөн.
27 жаштагы Акматалиев былтыр Азия чемиону, 2022-жылы күмүш байгенин ээси болгон.
Ал эми Дүйнө чемпионатынан жалпы жонунан үч медалы бар. 2021-жылы күмүш, 2023-2025-жылдары коло тагынган.