23-апрелге карата аба ырайы

23-апрелде күндүз республиканын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бейшембиде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 18…23, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрүндө 16…21, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 19…24, Нарын жеринде 11…16 градус жылуу болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 18…20, Ош шаарында 22…24 градусту түзөт.
Ысык 37 градуска жетет. Май айында күтүлгөн аба ырайы