«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек

Sputnik
Ай башында алыскы Алайдан келген КРдин эл артисти Алымкул Исаков, режиссеру Уланмырза Карыпбаев менен биргеликте белгилүү жазуучу Каныбек Иманалиевдин аңгемесинин негизинде «Куса» спектаклин коюшту. Чыгарма көрүүчүлөр тарабынан овация менен кабыл алынып, театр сынчылары оң баасын берип турган учур. Король Лирден тарта бир нече театр образдарын жараткан актер бул моно спектаклди да мыкты деңгээлде ойноп, эненин кусалыгын жандуу чагылдырып көрүүчүлөрдү жашытты. Бул жанрда актерге бир каармандан экинчисине дароо өтүү чыныгы талантка кыйын болбостугун Алымкул Исаков чеберчилик менен тастыктады.