Кыргызстанда 1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Учурда экинчи этабы башталды. Буга байланыштуу кайсы категориядагы жарандар декларация тапшырууга милдеттүү, кимдер ыктыярдуу түрдө бере алат, ошондой эле декларацияны тапшырбагандарга кандай жоопкерчилик каралган деген суроолор актуалдуу бойдон калууда. Мындан тышкары, акыркы жылдары Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр, декларацияны онлайн форматта тапшыруу жана “нөлдүк отчеттун” жоюлушу да коомчулукта көп суроолорду жаратууда.Ушул жана башка маселелер боюнча декларация тартиби, жарандардын катышуусу жана санариптештирүүнүн жыйынтыктары тууралуу кеңири маалымат алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү, декларациялар бөлүмүнүн улук инспектору Токтобек Батыржанов менен “Ачык кеп” программасынын алкагында маектештик.