Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө

Sputnik
20–25-апрель күндөрү Салттуу музыка жумалыгы алкагында улуттук өнөрдү даңазалаган бир катар маанилүү иш-чаралар өтөт. Бул маданий жума кыргыз элинин бай музыкалык мурасын кеңири жайылтып, салттуу күүлөр менен обондордун терең маанисин коомчулукка жеткирүүнү максат кылат. Иш-чаранын алкагында конокторго кыргыз элинин салттуу күүлөрү, обондору, ошондой эле элдик чыгармалары тартууланат. Белгилүү өнөрпоздордун аткаруусунда жандуу музыка жаңырып, көрүүчүлөр улуттук искусствонун терең дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Аталган иш-чарага байланыштуу биз «Манас» театрынын директору, манасчы Нурбек Талантбеков менен маек куруп, салттуу музыка жумалыгынын өзгөчөлүктөрү, анын коом үчүн мааниси жана улуттук маданиятты өнүктүрүүдөгү орду тууралуу кененирээк баарлаштык.