Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Бүгүн саат 05:26да Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунан билдиришкендей, жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо кырка тоолорунда жайгашып, күчү 3 баллга жеткен. Тактап айтканда, Ысык-Көлдүн Григорьевка айылынан түндүктү көздөй 23 чакырым, Кожояр айылынан түндүк-батышка карай 22 чакырым жана Ананьево айылынан түндүк-батышка карай 26 чакырым аралыкта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген эмес.
Алдыдагы майрам күндөрү Калкты тейлөө борборлору штаттык режимде иштейт. Бул тууралуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинен билдиришти. Маалыматка ылайык, борборлор 1-майдан 10-майга чейин майрам жана эс алуу кундөрүн кошкондо саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Мындай чечим калкка мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз жана жеткиликтүү көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган. "Жарандардан белгиленген иш тартибин эске алып, мүмкүнчүлүккө жараша онлайн кызматтарды пайдаланууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.
Тамчыда беш жылдыздуу пансионаттар салынып жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирип, Ысык-Көлдүн жээгинде экология бузулууда деген маалыматка түшүндүрмө берди.Буга чейин блогер Эртай Искаков Тамчыда курулуш компаниялары көл жээгиндеги экологиялык талаптарды бузуп жатканын билдирип, маморгандарга видео кайрылуу жолдогон.Министрлик бул боюнча көл жээгиндеги саздак жерлерди бекемдөө максатында грунт төгүлүп жатканын, бул жерде көлдү толтуруу же анын аянтын кеңейтүү пландалбаганын билдирди."Колдонулган топурак ошол эле аймактан алынган жана анын үстүнө кошумча кум төшөлөт. Бардык экологиялык талаптар сакталууда, зыяндуу заттар колдонулган эмес. Аймакта учурда беш жылдыздуу үч пансионат курулуп жатат. Иштер тиешелүү уруксат документтеринин негизинде жүргүзүлүүдө", — деди министрлик.Ведомство жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий булактарга гана ишенүүгө чакырды.
Балбан Эрназар Акматалиев UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты.Спортчу жакында эле Бишкекте өткөн Азия чемпионатында коло медаль жеңип алган. Натыйжада 6500 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде алдыңкы сапка көтөрүлгөн.27 жаштагы Акматалиев былтыр Азия чемиону, 2022-жылы күмүш байгенин ээси болгон.Ал эми Дүйнө чемпионатынан жалпы жонунан үч медалы бар. 2021-жылы күмүш, 2023-2025-жылдары коло тагынган.
АКШ президенти Дональд Трамптын көңүлүн алыш үчүн Украинанын сүйлөшүүгө барган өкүлдөрү Донбасстын Киевге караштуу бөлүгүн Донниленд деп атоону сунуштаган. Бул тууралуу New York Times жазды."Акыркы айларда жүргөн тынчтык сүйлөшүүлөрүндө украиналыктар Донбасстын бир бөлүгүн Донниленд деп атоо боюнча демилге көтөрүшкөн", — деп айтылат макалада.Гезит Киев муну менен Трампты аймактын тиешелүүлүгү боюнча маселеде Москвага кысымын күчөттүрүүнү көздөп жатканын белгилеген.Басылманын маалыматы боюнча башында бул аталыш тамаша катары колдонулса, кийин идея өнүгүп кеткен. Украин чиновниктери жаңы түзүлүш үчүн жашыл-алтын түстөгү желек иштеп чыгып, атүгүл, ага гимн жазып берүү үчүн жасалма интеллектиге да кайрылышкан.