Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан анда ар түрдүү жаратылыш кырсыктары болуп кетиши мүмкүн делген 11388 тилке бар. Аларда жер көчкү, сел сыяктуу кырсыктардын алдын алуу үчүн ӨКМ дайыма мониторинг жүргүзүп, байкоо, изилдөө, зарыл болгон жайларга тосмо, дамбаларды орнотуу сыяктуу иштерди жасап келет. Эми адистердин ишин жеңилдеткен кооптуу аймактардын санариптик картасы түзүлдү.
Бул албетте алардын ишин жеңилдетет. Биз бүгүнкү “Күн башат” уктуруусунда ӨКМдин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев менен республикадагы кооптуу аймактарды көзөмөлдөө, алдын-алуу иштери, кадр тартыштыгы жана башка маселелерде маек курдук.