БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке барып, жашыл технологиялар көргөзмөсүн көрүп чыкканын маалымат кызматы билдирди.
EXPO эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алган. Биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин Грузия, Түркмөнстан, Монголия, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери жана Азербайжандын премьер-министри менен көргөзмөнү кыдырган.
Анда ар бир өлкө өзүнүн улуттук павильонун сунуштаганы айтылды. Кыргызстандын павильонунда күн панелдерин, жер семирткичтерди, электромобилдер үчүн кубаттоочу түзмөктөрдү жана башка көптөгөн продукцияларды чыгарган ата мекендик компаниялардын товарлары коюлган.
Саммиттин алкагында пленардык жыйындар, тематикалык эксперттик панелдер, ошондой эле жашыл технологиялардын эл аралык көргөзмөсү өткөрүлөт.
Эскерте кетсек, Жапаров иш сапары менен Казакстанга кечээ барган.