БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Токмок шаарына жакын жерде үрөй учурган жол кырсык катталып, үч адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Окуя кечээ Бишкек — Нарын — Торугарт айланма жолунда болгон. Жол милициясынын маалыматына караганда, Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын 33 жаштагы Д.Т.А. аттуу айдоочусу каршы тилкеде келе жаткан Toyota Hilux менен кагышкан.
Кырсыктан жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу менен жүргүнчүлөрү жабыркаган.