Салык кызматы ишкердик объектилерге камераларды орнотуп чыгат

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы салыктык көзөмөл учурунда видеобайкоо жүргүзүүгө байланыштуу мыйзамдык жобону түшүндүрдү.
Бул норма өткөн жылдын октябрь айынан бери күчүндө. Азыр анын колдонуу тартиби коомдук талкууга чыгарылды.
"Салык органдары ишкерлердин объектилеринде видеокөзөмөл системаларын товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын текшерүү мезгилинде гана, ошондой эле салык посту коюлган учурда орното алат. Бул чара мамлекеттин да, бизнестин да кызыкчылыктарын коргоого багытталган", — дешти мекемеден.
Салык кызматы видеобайкоону киргизүүнүн максаты текшерүүлөрдүн ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, талаш-тартыштарды азайтуу жана санариптештирүүнү өнүктүрүү экенин эскерткен.
Кыргызстанда мүлк салыгын төлөгөндөрдүн саны 20 эсе өстү. Чоо-жайы