БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россия Ливанга 24 тонналык гуманитардык жардам жеткиргенин өлкөнүн ӨКМине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Ил-76 учагы жалпы жонунан 24 тоннага жеткен төртүнчү гуманитардык жүктү жеткирди, ичинде дары-дармек, азык-түлүк бар", — деп айтылат маалыматта.
Гуманитардык операция РФ президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен ишке ашырылып жатканы белгиленди.