Мадьяр Нетаньяхуну Венгрияга иш сапар менен келсе камаганга даярдыгын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Будапештке келсе камакка алынмак. Бул туурасында Венгрияда шайлоодо жеңип чыккан "Тиса" партиясынын лидери Петер Мадьяр MTV телеканалынын түз эфиринде айтканын RT жазды.
Ал Венгрия Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) чечимин аткарууга ниеттенип жатканын белгиледи.
"Эгерде издөөдө жүргөн адам Эл аралык кылмыш сотуна мүчө болгон өлкөнүн аймагына кирсе, ал сөзсүз түрдө кармалышы керек", — деди Мадьяр.
Өткөн күздө Стамбулдун Башкы прокуратурасы Газадагы кыргынга күнөөлүү экенин айтып, Нетаньяхуну камаганга ордер берген. Июндун аягында АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министринин иши боюнча соттук териштирүүлөрдү токтотууга чакырган.
Венгриянын парламенти өлкөнүн Эл аралык кылмыш сотунан чыгуусун жактырды