БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Жыл башынан тарта 19-апрелди кошкондо өлкөдө кенеден жабыркагандардын саны 258ге жетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Салыштыра келгенде былтыркыга салыштырмалуу эки эсе өскөн.
Төмөнкү аймактарда кайрылгандар көбөйгөн:
Бишкек — 89 учур (былтыр 51);
Чүй облусу — 96 (22);
Ысык-Көл— 65 (22).
Бишкекте вирустук инфекция кенеден жуккан үч учур тастыкталган. Мындан сырткары, Таласта сегиз, Жалал-Абадда эки учурду катташкан.
"Адистер мындай өсүштү аба ырайынын жылуу болушу менен кенелердин эрте активдешкени жана элдин жаратылышка көп чыкканы менен түшүндүрүшөт", — дешти аталган министрликтен.
Адистер кенеден сактануунун жолдорун жана ал чагып алса кесепети кандай болорун айтып беришти.
Өтө коркунучтуу курч вирустук кене энцефалити да кенеден жугат. Оору адамга вирусту алып жүргөн кене чаккан маалда шилекей аркылуу жугушу мүмкүн. Эгерде мындай окуя болуп кетсе, сөзсүз дарыгерге кайрылып, өз убагында дарыланыш зарыл. Антпесе оорунун кесепети ден соолуктун бузулушуна, майыптыкка, керек болсо өлүмгө чейин алып келиши ыктымал. Ошондуктан тоого, токойго эс алууга чыккан учурда күн кандай гана ысык болбосун өтүк, жеңи узун кийим кийимчен жүрүү коопсуз.
Багалекти байпактын ичине киргизип, моюнду жука жоолук менен ороп алган оң. Мындан тышкары, кенелерди качыруучу репелленттерди колдонсо болот. Эс алуудан кайтардан мурда адамдар өзүн жана бири-бирин кылдаттык менен карап чыгуусу кажет. Үйгө келгенден кийин дагы кийимдердин бардыгын чечип, эс алууга кошо алып барган төшөнчүлөрдүн бирин калтырбай сыртка алып чыгып кагып, жайып коюу зарыл.
Адистер кенелер март айынан баштап сентябрь айынын аягына чейин активдүү болорун кошумчалады.