БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кара-Суу районунда жеңил автоунаа каналга түшүп кетип, төрт адам каза тапты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, 20-апрелде саат 13:50лөр чамасында Ынтымак айыл аймагынан Кызыл-Суу кыштагына бараткан жолдо Ак-Терек айылынын 68 жаштагы башчысы өзүнүн Hyundai Accent автоунаасы менен жолдун жээгиндеги каналга түшүп кеткен.
Мунун кесепетинен унаанын ичиндегилердин баары каза тапкан. Айдоочудан сырткары, Жаңы-Арык айылынын 64 жаштагы жетекчиси, Таш-Арык айылынын 50 жаштагы башчысы жана аскердик эсепке алуу жана чакыруу боюнча 49 жаштагы жооптуу адис болгон. Алар куран окутууга бараткан.