БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлигинин делегациясы Борбор Азия өлкөлөрү жана Россиянын өнөр жай министрлеринин биринчи жыйынынын алкагындагы иш-чараларга катышууда. Жыйын Ташкент шаарында өтүп жатат.
Кыргызстандын делегациясын министрдин орун басары Искендер Асылкулов жетектейт. Курамына ошондой эле Экономика министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кирген.
Жолугушуунун катышуучулары кадимки соода алакаларынан терең өнөр жай кооперациясына өтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мындай кызматташтык форматы биргелешкен индустриялык долбоорлорду ишке ашырууга жана аймакта туруктуу өндүрүш чынжырларын түзүүгө практикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында:
жыйынтыктоочу биргелешкен билдирүүгө кол коюлду;
биргелешкен өнөр жай демилгелерин илгерилетүү боюнча туруктуу иштеген эксперттик топ түзүлдү;
технологиялык өнөктөштүктүн негизинде бирдиктүү өнөр жай мейкиндигин түзүүгө тараптардын даярдыгы баса белгиленди.
Мындан тышкары, алтынчы "ИННОПРОМ. Борбор Азия" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн алкагында кыргыз делегациясы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Тактап айтканда, Өзбекстан жана Афганстандын өкүлдөрү менен бизнес-кызматташтык жана инвестициялар боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Ошондой эле Россиянын Оренбург облусунун делегациясы менен жолугушуу өттү. Тараптар өнөр жайлык кайра иштетүү, экспорт-импорт операцияларын кеңейтүү жана өнөр жай алмашуу маселелерин талкуулашты.