БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Украинанын пилотсуз аппараттарынын Финлядиянын аба мейкиндигине байма-бай кирип жаткандыгына байланыштуу өлкө армияга резервдеги аскерлерди тарта баштады. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Алар учуп өткөн дрондорго байкоо салып, көзү каныгып, тажрыйба топтоого тийиштиги айтылды.
"Биздин максат — армиянын аймактык бүтүндүктү коргоосуна, ошондой эле коопсуздукту сактоого жана көзөмөлдөө иштерин аткарууга даярдануу", — деп Финляндиянын Коргоо министрлигинен билдиришкен.
Акыркы убакта Финляндиянын түштүк-чыгышында кулаган пилотсуз төрт аппарат табылып, алар украиналык дрондор экени аныкталган. Өлкөнүн премьер-министри Петтери Орпо бул окуяларды аймактык бүтүндүктүн бузулушу катары баалаган.