Ажыга аттангандар 11-майда жөнөп кетет. Муфтияттын түшүндүрмөсү

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктардын Меккеге сапары 11-майдан башталарын муфтияттан кабарлашты.
Ар бир зыяратчынын Сауд Арабиясына кирүүдө тартипти сактоо абдан маанилүү экенин айтышты.
"Бул эрежелерди кармануу сапарды жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт. Зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири – Nusuk картасы (бейжик). Аны ажылыкты уюштуруу штабы (ажы башчыңыз) берет. Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү", — деп айтышты маалымат кызматынан.
Жалпы, дүйнөдөгү мусулмандар үчүн ажылык 2016-жылдан бери 25-майда башталып, жөрөлгө, сыйынуулар 29-30-майда аяктайт.
Эски аянттагы кылкылдаган эл. Айт намаздан сүрөт, видеолор