Министрлик дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө берди

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин эмгек акысы кандайча төлөнөрүн тактады.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда дарыгерлердин айлык баракчасынын сүрөтү тараган. Анда сегиз миңдин тегерегиндеги сумма көрсөтүлгөн.
Министрликтин бюджеттик саясат бөлүмүнүн башчысы Клара Өскөнбаеванын айтымында, квитанцияда март айындагы эмгек акы көрсөтүлгөн. Президенттин жарлыгына ылайык, айлыктын жогорулашы 1-апрелден тартып күчүнө кирген.
"Интернетке тараган баракчада жарым ставкада иштеген дарыгердин айлыгы көрсөтүлгөн. Андай дарыгерлердин оклады 8,4 миң сомду түзөт. Апрелден тарта жогорулатылгандан кийин алардын оклады 13,5 миң сом болот. Мындан тышкары, ага 7,5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт. Натыйжада апрель айы үчүн дарыгердин айлыгы 21 миң сом болот. Бул 100 пайыздык жогорулатууга туура келет", — деп түшүндүрдү Өскөнбаева.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров буга чейин 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлык акысы 100 пайызга көбөйөрүн жарыялаган.
Бийлик 1-апрелден тарта медицина кызматкерлери канча айлык ала турганын айтты