Анарбек Ибраев: сахнанын сыртындагы өмүр

Sputnik
Кыргыз Республикасынын эл артисти Анарбек Ибраев Ысык-Көлдүн Тепке айылынын кулуну. Ал бир катар чыгармаларды аткаруу менен элдин жүрөгүнөн орун тапкан. Маекте Ибраевдин адамдык сапаттары, үй-бүлөдөгү орду, сахнадан тышкаркы жашоосу жана чыгармачылыктагы талыкпас эмгеги тууралуу баарлаштык.
Таланттын жубайы улуу инсандын чыгармачылык жолу кандай калыптанганын, кыйын жана кубанычтуу учурларды, сахна артындагы белгисиз жактарын ачык айтып берет. Ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктар, бири-бирине болгон колдоо жана өнөр адамы менен бирге жашоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кызыктуу ойлор бөлүшүлөт.
“Туяк” программасында Кыргыз эл артисти Тамара Исабекова менен бирге жолдошу Анарбек Ибраевди башкача өңүттөн таанып-билүүгө, анын дүйнөсүн ачууга аракет жасадык.