Министрлик дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө берди Майдан тарта такси үчүн лицензияны “Түндүк” аркылуу алса болотМинистр ЕАЭБ өлкөлөрү статистика тармагында жасалма интеллектиге басым жасап жатканын айттыЕАЭБ өлкөлөрү статистиканы санариптик трансформациялоодо жасалма интеллектиге басым жасап жатышканын Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Данияр Иманалиев билдирди. Анын төрагалыгы алдында ЕЭКтин башкы кеңсесинде эл аралык семинар өттү. Ага биримдиктин улуттук статистикалык кызматтарынын, КМШнын статистикалык комитетинин, БУУнун Европа боюнча экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү жана маалымат таануу, расмий статистика боюнча алдыңкы эксперттер катышты. Алар жасалма интеллектини талдоого жана системалардын чоң маалыматтар менен иштөөгө даярдыгын баалоого өзгөчө көңүл бурушту. Мындан тышкары, маалыматтын сапатын камсыз кылууу, алгоритмдерди этикалык жактан жөнгө салуу маселелери, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүн классификациялоо, аналитикалык процесстерди автоматташтыруу жана маалыматтарды санариптик текшерүү боюнча пилоттук долбоорлор талкууга алынды.
Министрлик дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө берди Соцтармактарда “айлык көбөйгөндөн кийин” делип медиктердин айлык баракчасынын сүрөтү тараган. Министрликтин маалыматына ылайык, көрсөтүлгөн сумма март айына тиешелүү. Президенттин жарлыгы 1-апрелден тарта күчүнө кирди. “Интернетке тараган баракчада жарым ставкада иштеген дарыгердин айлыгы көрсөтүлгөн. Жарым ставкадагы дарыгердин оклады 8,4 миң сомду түзөт. Апрелден тарта жогорулатылгандан кийин анын оклады 13,5 миң сом болот. Мындан тышкары, ага 7,5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт. Натыйжада апрель айы үчүн дарыгердин айлыгы 21 миң сом болот. Бул 100 пайыздык жогорулатууга туура келет”, — деп түшүндүрдү министрликтин өкүлү Клара Өскөнбаева.
Майдан тарта такси үчүн лицензияны “Түндүк” аркылуу алса болот Октябрь Урманбетов талап кылынган документтердин ичинен соттолбогондугу тууралуу маалымкат, ишеним кат жана салык карызы жоктугу боюнча маалымат алып салынарын белгиледи. ИИМ башчысынын орун басары 20-майдан тарта процесс толугу менен онлайн болорун билдирди. Министрдин орун басары учурда жеке ишкерлерге 15 миң лицензия, юридикалык жактарга 410 лицензия берилип, дагы 635 арыз каралып жатканын кошумчалады. Мындан тышкары, жыл башынан бери 2 миң 61 жаран жана 20 компания автобус жана кичи автобус каттамдары үчүн уруксат алган. Урманбетов билдиргендей, лицензия менен иштөө талабы эки жолу жылдырылып, азыркы тапта 1-июлга белгиленген. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР:Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 86 тыйынга юань 12 сом 83 тыйынга рубль 1 сом 15 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 76 сом 60 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 82 сом 50 тыйындан жогору, дизель майы литрине 83 сомдон тарта бааланса, унаа газынын литри 40 сомдун тегерегинде сатылууда.АБА ЫРАЙЫ22-апрелге караган түнү айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. 22-апрель, шаршембиде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23...+28 градус, Талас аймагында +21...+26 ысык болсо, Ысык-Көлдө +15...+20, Нарын жергесинде +18...+23 градуска чейин көтөрүлөт. Күндүн табы Бишкекте +25...+27, Ош шаарында +26...+28 градусту көрсөтүп турат.