Балдарды туура тарбиялайлы: Сөгүнүүнүн адам жашоосуна тийгизген таасири

Sputnik
Профессор, медицина илимдеринин доктору Турат Касымбеков сөгүнүү, негативдүү сөздөр адамдын гармониясын бузуп, өзүн-өзү жок кылууга алып келерин, өмүрдүн узактыгына жана ден соолукка терс таасирин тийгизерин белгиледи. Айрымдар үчүн бул жөн гана эмоцияны чыгаруунун жолу сыяктуу сезилиши мүмкүн. Бирок адистердин айтымында, сөгүнүү адамдын психологиясына, ден соолугуна жана айлана-чөйрө менен болгон мамилесине терс таасирин тийгизет. Ал тургай дайыма терс сөздөрдү оозанып жүргөн адамдын генетикасы бузулаарын да окумуштуулар изилдешкен.
Эмне үчүн адамдар сөгүнөт? Бул адат кайдан келип чыгат? Жана анын коомго тийгизген таасири кандай? “Көз мончок” уктуруусунда дал ушул темада кеп кылдык.