Бишкекте бокс боюнча эл аралык турнир өтөтБылтыр эмдөө албай калган 117 миңден ашык бала эмделдиАдам фактору жок. Мугалимдерге сыйлык берүү автоматташтырылдыКыргызстанда педагогикалык кызматкерлерге ведомстволук сыйлыктарды ыйгаруу процесси биринчи жолу санариптештирилди. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Бүгүн министр Догдуркүл Кендирбаеванын катышуусунда өткөн жыйында "Мугалим" автоматташтырылган маалыматтык системасынын базасындагы жаңы санариптик механизм көрсөтүлдү. Эми сыйлыкка талапкерлерди тандоодо адам фактору толугу менен жоюлуп, чечимди система автоматтык түрдө кабыл алат. Мугалимдер өз жетишкендиктерин жеке кабинети аркылуу жүктөшөт. Система маалыматтарды текшерип, бекитилген критерийлер боюнча баллдарды өзү эсептейт. Квалификацияны жогорулатуу, методикалык иштелмелер, кесиптик ийгиликтер жана конкурстарга катышуу сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынат.Жаңы механизм алгачкы жолу быйылкы Акыркы коңгуроо салтанатында колдонулуп, мыкты мугалимдер ортомчусуз жана адилеттүү тартипте сыйланмакчы.
Кыргызстанда былтыр эмдөө албай калган 117 миңден ашык бала эмделди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди. Ал белгилегендей, мында мурда эмдөөдөн калтырылган балдарды кайрадан эмдөө системасына тартууга мүмкүн болду. Ошондой эле Гүлбара Ишенапысованын айтымында, жетишкен ийгиликтерге карабастан, кыйынчылыктар дагы сакталып калууда. Статистика көрсөткөндөй, 5 817ден ашык бала бир да вакцина албаган, ал эми вакцинациядан баш тартуулардын саны 15 708ден ашкан.
Жыл башынан тарта 19-апрелди кошкондо өлкөдө кенеден жабыркагандардын саны 258ге жетти. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Салыштыра келгенде былтыркыга салыштырмалуу эки эсе өскөн."Адистер мындай өсүштү аба ырайынын жылуу болушу менен кенелердин эрте активдешкени жана элдин жаратылышка көп чыкканы менен түшүндүрүшөт", — дешти аталган министрликтен. Адистер кенеден сактануунун жолдорун жана ал чагып алса кесепети кандай болорун айтып беришти. Өтө коркунучтуу курч вирустук кене энцефалити да кенеден жугат. Оору адамга вирусту алып жүргөн кене чаккан маалда шилекей аркылуу жугушу мүмкүн. Эгерде мындай окуя болуп кетсе, сөзсүз дарыгерге кайрылып, өз убагында дарыланыш зарыл. Антпесе оорунун кесепети ден соолуктун бузулушуна, майыптыкка, керек болсо өлүмгө чейин алып келиши ыктымал.
Бишкекте Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир өтөт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдештер 26-апрелден 1-майга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөрүлөт. Мелдешке 19 жаштан 40 жашка чейинки мушкерлер 50 кг, 55 кг, 60 кг, 65 кг. 70 кг, 75 кг, 80 кг, 85 кг, 90 кг чейинки жана 90 килограммдан жогору он салмак чен бирдигинде күч сынашат. Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор менен сыйланышат. Мындан тышкары, мыкты катышуучулар үчүн атайын номинациялар да каралган.