Кыргызстан Россия жана Борбор Азия өлкөлөрү менен бирдиктүү өнөр жай аймагын түзүүгө даярМадьяр Нетаньяхуну Венгрияга иш сапар менен келсе камаганга даярдыгын айттыМинистрлик дарыгерлердин айлыгы боюнча түшүндүрмө бердиСаламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин эмгек акысы кандайча төлөнөрүн тактады. Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда дарыгерлердин айлык баракчасынын сүрөтү тараган. Анда сегиз миңдин тегерегиндеги сумма көрсөтүлгөн. Министрликтин бюджеттик саясат бөлүмүнүн башчысы Клара Өскөнбаеванын айтымында, квитанцияда март айындагы эмгек акы көрсөтүлгөн. Президенттин жарлыгына ылайык, айлыктын жогорулашы 1-апрелден тартып күчүнө кирген. "Интернетке тараган баракчада жарым ставкада иштеген дарыгердин айлыгы көрсөтүлгөн. Андай дарыгерлердин оклады 8,4 миң сомду түзөт. Апрелден тарта жогорулатылгандан кийин алардын оклады 13,5 миң сом болот. Мындан тышкары, ага 7,5 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсация төлөнөт. Натыйжада апрель айы үчүн дарыгердин айлыгы 21 миң сом болот. Бул 100 пайыздык жогорулатууга туура келет", — деп түшүндүрдү Өскөнбаева. Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров буга чейин 1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин жана маданият кызматкерлеринин айлык акысы 100 пайызга көбөйөрүн жарыялаган.
Экономика жана коммерция министрлигинин делегациясы Борбор Азия өлкөлөрү жана Россиянын өнөр жай министрлеринин биринчи жыйынынын алкагындагы иш-чараларга катышууда. Жыйын Ташкент шаарында өтүп жатат. Кыргызстандын делегациясын министрдин орун басары Искендер Асылкулов жетектейт. Курамына ошондой эле Экономика министрлигинин Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери кирген. Жолугушуунун катышуучулары кадимки соода алакаларынан терең өнөр жай кооперациясына өтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мындай кызматташтык форматы биргелешкен индустриялык долбоорлорду ишке ашырууга жана аймакта туруктуу өндүрүш чынжырларын түзүүгө практикалык мүмкүнчүлүктөрдү ачары айтылды.
Кыргызстандыктардын Меккеге сапары 11-майдан башталарын муфтияттан кабарлашты. Ар бир зыяратчынын Сауд Арабиясына кирүүдө тартипти сактоо абдан маанилүү экенин айтышты. "Бул эрежелерди кармануу сапарды жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт. Зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири – Nusuk картасы (бейжик). Аны ажылыкты уюштуруу штабы берет. Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү", — деп айтышты маалымат кызматынан. Жалпы, дүйнөдөгү мусулмандар үчүн ажылык 2016-жылдан бери 25-майда башталып, жөрөлгө, сыйынуулар 29-30-майда аяктайт.
Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Будапештке келсе камакка алынмак. Бул туурасында Венгрияда шайлоодо жеңип чыккан "Тиса" партиясынын лидери Петер Мадьяр MTV телеканалынын түз эфиринде айтканын RT жазды. Ал Венгрия Эл аралык кылмыш сотунун чечимин аткарууга ниеттенип жатканын белгиледи. "Эгерде издөөдө жүргөн адам Эл аралык кылмыш сотуна мүчө болгон өлкөнүн аймагына кирсе, ал сөзсүз түрдө кармалышы керек", — деди Мадьяр. Өткөн күздө Стамбулдун Башкы прокуратурасы Газадагы кыргынга күнөөлүү экенин айтып, Нетаньяхуну камаганга ордер берген. Июндун аягында АКШнын президенти Дональд Трамп Израилдин премьер-министринин иши боюнча соттук териштирүүлөрдү токтотууга чакырган.