Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?

Sputnik
20–21-апрель күндөрү Баткен шаарында “Айгүл гүлү” эл аралык фестивалы өтөт. Саамалык жергиликтүү бийликтин демилгеси менен аймакта туризмди өнүктүрүү максатында бир нече жылдан бери уюштурулуп келе жатат. Иш-чаранын негизги максаты Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн эл аралык деңгээлде таанытуу, коңшу мамлекеттер менен маданий байланышты чыңдоо жана достук-ынтымакты бекемдөө.
Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан да кол өнөрчүлөр, өнөрпоздор катышары белгилүү болду. Иш-чарада түрдүү кароо-сынактар уюштурулат. Биз гүлдүн тарыхый, маданий мааниси кандай? Эл аралык деңгээлде Кыргызстанды таанытууга кандай салым кошууда?
Ушул жана башка суроолорубузга Баткен райондук маданият бөлүмүнүн жетекчисиАйсулуу Ходжаевадан маалымат алдык.