Эл аралык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү, транспорт жана логистика тармактарынын иштөө өзгөчөлүктөрү, ошондой эле Евразия аймагындагы интеграциялык процесстер – Санкт-Петербург шаарында өткөн Эл аралык транспорттук-логистикалык форумдун негизги темалары болду. ЕАЭБ өлкөлөрүндө ташуу процессинин коопсуздугунун тийиштүү деңгээлин сактоо – аймакта туруктуу транспорттук байланыштарды түзүүнүн негизги шарты болуп саналат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Доолетов ЕАЭБдеги жүк ташуулар тууралуу айтып берди.