Элдар Жакыпбековдун абактагы мөөнөтү эки айга узартылды

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбековдун камактагы мөөнөтү 15-июнга чейин узартылды.
Биринчи май райондук сотунан билдиришкендей, Вазелин каймана аты бар Улан К. аттуу УКМКнын мурдагы тергөөчүсүнүн дагы бөгөт чарасы эки айга узартылды.
Эске салсак, Жакыпбековду февралда Аскер прокуратурасы кармаган. Ага "Коррупция" беренеси менен айып коюлуп, тергөө абагына киргизилген.
Милиция, мындан сырткары, Пито жана Вазелин деген каймана аты бар, Жакыпбековдун кишилери делген УКМКнын тергөөчүлөрү кармалганын кабарлаган.
Февралдын соңунда атайын кызмат Элдар Жакыпбеков кармалгандан кийин жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында бир катар кызматкерлерине чара көрүлүп, айрымдары жумуштан айдалганын билдирген.
Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов үй камагына чыгарылды