Евродепутат: Евробиримдиктин Украинага берчү насыясы — көз боёмочулук

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Евробиримдиктин Киевге бере турган 90 миллиард евро насыясы — карыз эмес эле бекер берилген акча. Мындай пикирин Европарламенттин депутаты Тьерри Мариани РИА Новости агенттигине билдирди.
"Насыяны кайтаруу шартын карадыңыздарбы? Ал үчүн Россия согуштук компенсация төлөшү керек. Демек, бул — көз боёмочулук, дагы тереңдесек, шайлоочуларды сыйлабастык. Муну насыя деп атабаш керек, бул — Украинага берилген 90 миллиард евролук белек. Анын 16 миллиардын француздар төлөйт", — деди Мариани.
Украинанын 2026-2027-жылдарга каралган каржылык муктаждыгын жабуу үчүн Евробиримдикке мүчө өлкөлөр 90 миллиард евролук биргелешкен насыя боюнча чечимди 2025-жылдын декабрындагы саммитте кабыл алышкан. Венгрия, Словакия жана Чехия буга катышуудан баш тартышкан.
Саммиттен кийин Венгриянын ошол кездеги премьер-министри Виктор Орбан Украина каражатты баары бир кайтарып бербестигин, Евробиримдиктин Киевге берген бул насыясын аталган чечимди кабыл алгандардын балдары менен неберелери төлөп каларын баса белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа Украинага ок-дарыны азайтып, ордуна дрон бере баштады