БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында саламаттык сактоону башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн диалогдук платформа түзүүнү демилгеледи. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин IX жыйынынын ачылышында билдирди.
Ал эксперттик топтор аталган багытта бир нече айдан бери видеоконференция аркылуу иштеп келе жатканын белгиледи.
"Платформа ШКУ аймагындагы саламаттык сактоонун өнүгүүсүн системдүү талдоого мүмкүндүк берген, макулдашылган башкаруу чечимдерин иштеп чыгып, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну коштогон практикалык курал болот", — деди Осмонов.
Ошондой эле кыргыз тарап жыйындын иш форматын жаңыртып, саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн негизги багыттарын структураланган сессияларда талкуулоо жана андан соң министрлер деңгээлинде жыйынтыктоочу жалпы дискуссия өткөрүүнү сунуштады.
Министр жаңы эпидемиологиялык коркунучтарды жана климаттын өзгөрүшүнүн таасири күчөгөн шартта ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык өтө маанилүү болуп баратканын кошумчалады. Негизги көңүл алдын алуу чараларын өнүктүрүүгө жана жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүүгө бурулууда, анткени алардын жүгү бардык өлкөлөрдө өсүп жатат. Ушуга байланыштуу баштапкы медициналык-санитардык жардамды күчөтүү, эрте диагностика жана сергек жашоо образын калыптандыруу артыкчылыктуу багыт болуп саналары белгиленди.