БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Парламент төрагасы Марлен Маматалиевдин Россиядагы иш сапары Кремлдин жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.
Жогорку Кеңештин маалымат кызматы төрага Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскергенин билдирди.
Москва шаарында бүгүн ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындары өтөт.