БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кыргызстан дарыгерлерин Россияга жана Шанхай кызматташтык уюмунун калган өлкөлөрүнө тажрыйба топтоп келүү үчүн жөнөтүүнү көздөп жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев билдирди.
Ал Кытай менен да бул багытта келишим барына токтолду.
"Россия жана Беларусь менен да адистерибизди окутуу, үйрөтүү жаатында кызматташып жатабыз", — деген Кадыралиев Бишкекте өткөн ШКУнун саламаттык сактоо министрлеринин IX жыйынында.
Ал министрлик "Болочок дарыгер" программасын иштеп чыгып жатканын айткан. Анда кыска мөөнөттүү курстардан окуп, тажрыйба топтоп келүүдөн тышкары, жаштарды ШКУ өлкөлөрүнө эки жылдык ординатурага жөнөтүү пландалып жатканын кошумчалаган.