Бишкекте ШКУ саламаттык сактоо министрлеринин жыйыны кандай өттү? Видео

Sputnik
Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин IX жыйыны өттү. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин вице-спикери Жылдыз Таалайбек кызы, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Хан Сухэль, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун директору доктор Ханс Клюге, ошондой эле ШКУга мүчө өлкөлөрдүн делегациялары катышты.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кыргызстан үчүн ШКУга төрагалык кылуу чоң жоопкерчилик экенин белгиледи.
"Бүгүнкү күндө дүйнө жаңы эпидемиологиялык коркунучтарга, климаттык өзгөрүүлөргө жана кадрдык көйгөйлөргө туш болуп жаткан шартта биздин кызматташтык өзгөчө мааниге ээ. Биргелешкен аракеттер аркылуу саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун чыңдап, санариптик чечимдерди кеңейтип, элибиздин саламаттыгын камсыздай алабыз деп ишенем", — деди ал.
ШКУнун башкы катчысынын орун басары заманбап чакырыктар өз ара кызматташууга негизделген узак мөөнөттүү саясатты талап кыларын белгиледи.
"Негизги артыкчылыктардын бири — ооруларды алдын алуу ишин күчөтүү. Дал ушул профилактика саламаттык сактоо системасына түшкөн жүктү азайтып, калктын жашоо сапатын жогорулатат. Айрыкча эрте аныктоону камтыган диагностика, өнөкөт жана жугуштуу эмес ооруларды табуу, скрининг программаларын өркүндөтүү жана заманбап технологияларды киргизүү маанилүү", — деди Сухэль.
Жогорку Кеңештин вице-спикери белгилегендей, парламент да четте калбастан, жарандардын социалдык жашоосун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, кабыл алууда. Анын ичинде коомдук саламаттыкты жакшыртуу жана ооруларды алдын алуу боюнча демилгелер колдоого алынып жатат.
Катышуучулар саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде калктын ден соолугун көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча мамлекеттик саясатты, дарылоону уюштуруу, медициналык жардам системаларынын туруктуулугун, ошондой эле тармакты санариптик трансформациялоо маселелерин талкуулашты.
Жыйынтыгында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системаларын чыңдоого жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган практикалык сунуштар иштелип чыгары күтүлүүдө.