БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согушта 1942-жылдын 20-апрелинде Москва үчүн салгылашуу аяктаган.
1941-жылдын сентябрь айынын соңунда Москва багытында аскер жагынан немецтердин тараза ташы салмактуу болуп турган эле. Советтик 1,2 миллион жоокерге душмандын эки миллиондой аскери каршы чыккан. Согуштук техника жагынан да немецтер үстөмдүк кылган.
Нацисттердин эң биринчи жана эң чоң катасы Туланы басып алуу планы болду. Баатыр шаар душмандын эки жолку чабуулунун мизин кайтарып, Москваны коргоо учурунда фашисттердин түштүк канатын кооптондуруп турган. Ошентип, бул жагдай душманга Москвага акыркы сокку уруу үчүн күчүн топтоого мүмкүнчүлүк берген жок.
Экинчиден, фашисттер салгылаш борбор калаага жакындаганда эл дүрбөлөң түшүп, кырдаал кыйындайт деп үмүттөнгөн. Бирок Москва чептей бекем туруп берди. Албетте, ал кан-жанын аябай кармашкан советтик жоокерлердин, командирлердин кайраты, эрдиги, көк жалдыгы менен болду.
Нацисттер Москвага 25 чакырым калганда токтотулган. 5-декабрда Кызыл Армия каршы чабуулга өтсө, 8-декабрда Берлинден немец аскерлерине бүткүл фронт боюнча коргонууга өтүү буйругу келген.
Гитлердик "Тайфун" операциясы ийгиликсиз болуп, миллионго жакын жоокерлердин, офицерлердин, байкоо салган фронт башчыларынын шаабайын сууткан.