БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Токмок шаарында мугалим окуучусун зордуктоого шектелип кармалганын Чүй облустук милициясынан билдирдишти.
Милицияга 10-апрелде Токмок шаарындагы орто мектептердин биринде 13 жаштагы окуучу кызды ошол эле мектепте физика сабагынын 21 жаштагы мугалими зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен иш козголгон. Шектүү кармалып, эки айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.