БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкекте Ленин РИИБинин тергөөчүсү пара талап кылууга шектелип кармалганын УКМК билдирди.
Маалыматта О.А. аттуу тергөөчү алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу жана издөөдөн чыгаруу үчүн кыргыз жаранынан 25 000 доллар опузалап талап кылганы айтылат.
Факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү тергөө абагына киргизилди. Учурда кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.