Чүйдө эки чакан ГЭС ишке берилип, ачылышына президент катышты

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районундагы Сокулук жана Туюк чакан ГЭСтери ишке берилди. Алардын ачылышына президент Садыр Жапаров катышканын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Салтанатка президент Садыр Жапаров катышты

2 / 3

Азыркы тапта өлкөдө 48 чакан ГЭС иштеп, жалпы кубаттуулугу 180 мегаватты түзөт

3 / 3

Учурда жалпы республика боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат

Мамлекет башчысы долбоор Улуттук инвестициялар агенттигинин көмөгү аркылуу "Сокулук ГЭС-3" ЖЧКсы менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылганын билдирди.
"Келишимдин алкагында эки чакан гидроэлектр станциясынан турган каскад курулду. Биринчиси — Сокулук дарыясында кубаттуулугу 9,7 мегаватт, экинчиси — анын куймасы Туюкта 5,9 мегаватт. Эки ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 15,6 мегаватты түзөт. Бардык объектилер ата мекендик инвестордун каражатына курулду. Жалпы инвестициянын көлөмү болжол менен 1,7 миллиард сом болду", — деди президент.
Жапаров азыркы тапта өлкөдө 48 чакан ГЭС иштээрин, алардын жалпы кубаттуулугу 180 мегаватты түзөрүн белгиледи.
"Учурда жалпы республика боюнча 50 чакан ГЭС курулуп жатат. Быйылкы жылдын иш-планында алардын 13үн куруп, ишке киргизүү мерчемделген. Бул аймактардагы электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтөт", — деди өлкө башчысы.
Таласта "Альянс гидро" кичи ГЭСинин курулушу башталды. Видео