Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эч ким тең келе албайт. Батышта Россиянын күчүнө дагы бир ирет баа берилди

Sputnik
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Россия Куралдуу күчтөрүнүн өткөн аптада Украинага жооп иретинде жасаган соккусу Батыштын эң катаал санкциялары да Москванын аскердик дараметине таасир тийгизе албай турганын көрсөттү. Бул тууралуу америкалык The National Interest жазды.
"Абадан жасалган соккулар бардык жагынан чектөөгө алынган Россиянын баллистикалык ракета, канаттуу техника өндүрүү жөндөмүн төмөндөтө албасын көрсөттү", — деп жазылат макалада.
Авторлор Украина да, Батыш да Россияга курал-жарак чыгаруу жагынан тең келе албай турганын белгилешкен.
"Азыркы тапта Россиянын ыраакка учуучу ракеталарды өндүрүү жаатындагы мүмкүнчүлүгү бекемделип жатат", — деп жазды басылма.
Эскерте кетсек, бейшмби күнү РФ Коргоо министрлиги Россия армиясы Украинанын канаттуу ракета жана дрон чыгарууга тиешеси бар коргонуу өнөр жайынын комплексине катуу сокку уруп жооп кайтарганын кабарлаган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Трамп Украинадагы жаңжал жакында бүтөт деген ишенимде