БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы делген журналист Нургазы Анаркулов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Сот анын үй камагы түрүндөгү бөгөт чарасын 10-июнга чейин узартты. Анаркулов "Массалык башаламандык уюштуруу" беренеси боюнча айыпталууда.
Журналист 17-февралда Казакстандан Кыргызстанга кирип жаткан маалда ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 75 адамдын кайрылуусу боюнча иштин алкагында кармалып, Бишкекке алып келинген.
Соттун чечими менен ал 10-апрелге чейин №1 тергөө абагына киргизилген болчу.