БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. 21-апрель, шейшемби күнү, Чүй, Талас, Баткен облустарынан башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +22…+27, Талас аймагында +21…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жергесинде +13...+18, Нарын өрөөнүндө +17...+22 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +24...+26, Ош шаарында +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.