Кыргыз коомунда сарамжалдуулук негизги темалардын бири болбогону менен жыл өткөн сайын активдерин мурдагыдай мал алып, үй салып эмес, санариптештирүү жолдору менен сактоого кызыккандар көбөйүүдө. Мында өлкө ичинде сунушталган мүмкүнчүлүктөр аз болгону менен жок эмес. Ошол эле баалуу кагаздарды алуу үчүн брокерлердин кызматы талап кылынат. Өлкөдө брокерлик кызмат көрсөткөн компаниялар да жок эмес. Бирок элге маалымат жеткирүү, коом менен иштөөдө иштер чабал жүрүп жаткандай.
Анткени коомчулукта дагы деле расмий компанияларга кайрылбай, тууган-тааныш издегендер көп. Брокерлик өзү эмне? Ага кандай учурда кайрылабыз? Фондулук базарга чыгууда брокердин эмгеги канчалык? Брокер сиздин санарип активиңизди алууда эмне жардам бере алат?
Ушул жана башка суроолорго бүгүнкү “Экономикалык панорама” уктуруусунда жооп издейбиз.