«Мыкты класс жетекчи-2026» республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүсү Мээримгүл Эсентурова

Sputnik
8-апрель күнү, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен «Мугалим» илимий-педагогикалык журналы тарабынан 5-ирет өткөрүлгөн республикалык «Мыкты класс жетекчи-2026» кароо-сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү, Бишкек шаарындагы Алыкул Осмонов атындагы №68 жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Эсентурова Мээримгүл Асановна менен “Стимул” программасында маек курдук. Маектин жүрүшүндө мейман катышкан кароо-сынагы тууралуу, мугалимдик кесиби жана тажрыйбалары менен бөлүштү.