Кыргызстанда жаздын келиши менен айыл чарба тармагында эң жооптуу мезгил – жазгы талаа иштери кызуу жүрүп жатат. Дыйкандар жер айдап, үрөн сээп, жаңы түшүмдүн пайдубалын түптөп жаткан учур. Бул мезгилдеги ар бир аракет жылдык түшүмдүн көлөмүнө жана сапатына түздөн-түз таасир этет. Ошол эле учурда аба ырайынын өзгөрүшү, сугат суу, күйүүчү май жана жер семирткич маселелери дыйкандар үчүн маанилүү бойдон калууда. Мындай шартта жазгы талаа иштеринин жүрүшү, даярдык деңгээли жана мамлекеттик колдоо чаралары өзгөчө көңүл борборунда. Биз Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылык башкармалыгынын башчысы Турат Идрисов менен жазгы талаа иштери тууралуу кеп кылдык.