Мекенибизде күндүзгү саат 1. Бул саатка алынган жаңылыктар топтому менен таанышып алыңыз. Алгач кабарлардан кыскача...Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды Өлкөнүн бокс боюнча улуттук курама командасы Бразилияда өтө турган дүйнө кубогуна катышуу үчүн жолго чыктыКыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна медицина боюнча тажрыйба алмашуу платформасын түзүүнү сунуштады. Адыда кененирээк токтолобуз...Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында саламаттык сактоону башкаруу боюнча тажрыйба алмашуу үчүн диалогдук платформа түзүүнү демилгеледи. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов Бишкекте өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин IX жыйынынын ачылышында билдирди. Ал эксперттик топтор аталган багытта бир нече айдан бери видеоконференция аркылуу иштеп келе жатканын белгиледи. "Платформа ШКУ аймагындагы саламаттык сактоонун өнүгүүсүн системдүү талдоого мүмкүндүк берген, макулдашылган башкаруу чечимдерин иштеп чыгып, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну коштогон практикалык курал болот", — деди Осмонов. Ошондой эле кыргыз тарап жыйындын иш форматын жаңыртып, саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн негизги багыттарын структураланган сессияларда талкуулоо жана андан соң министрлер деңгээлинде жыйынтыктоочу жалпы дискуссия өткөрүүнү сунуштады.
Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун сегиз катышуучусу бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматта алардын төртөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда, ал эми Жалал-Абад жана Нарын облустарында бирден ардагер жашай турганы айтылат. Бул ардагерлерден сырткары Ленинград блокадасынан аман калган он адам жана концлагердин алты туткуну бар. Муну менен Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды.Эскертке кетсек буга чейин, бул ардагерлерге президенттик фонддон 200 миң сом берилери айтылган.
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Бразилияда өтө турган дүйнө кубогуна катышуу үчүн жолго чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маалымдады.Маалыматка ылайык, эл аралык мелдеште өлкө намысын беш мушкер коргойт. Алар: Анвар Ходжиев (50 кг чейин), Зафарбек Камилов (55 кг чейин), Мунарбек Сейитбек уулу (60 кг чейин), Омар Ливаза (65 кг чейин) жана Ихтияр Нишонов (70 кг чейин) Курама команданы башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жетектеп, улук машыктыруучу Улан Сагынбаев баштаган машыктыруучулар штабы даярдаган.Белгилеп кетсек, бокс боюнча дүйнө кубогу 20–26-апрель күндөрү Бразилиянын Фош-ду-Игуасу шаарында өтөт. Бул ири мелдешке дүйнөнүн 50дөн ашуун өлкөсүнөн 400гө жакын мыкты спортчулар катышары күтүлүүдө.
Эч ким тең келе албайт. Батышта Россиянын күчүнө дагы бир ирет баа берилди Россия Куралдуу күчтөрүнүн өткөн аптада Украинага жооп иретинде жасаган соккусу Батыштын эң катаал санкциялары да Москванын аскердик дараметине таасир тийгизе албай турганын көрсөттү. Бул тууралуу америкалык The National Interest жазды. "Абадан жасалган соккулар бардык жагынан чектөөгө алынган Россиянын баллистикалык ракета, канаттуу техника өндүрүү жөндөмүн төмөндөтө албасын көрсөттү", — деп жазылат макалада. Авторлор Украина да, Батыш да Россияга курал-жарак чыгаруу жагынан тең келе албай турганын белгилешкен. "Азыркы тапта Россиянын ыраакка учуучу ракеталарды өндүрүү жаатындагы мүмкүнчүлүгү бекемделип жатат", — деп жазды басылма. Эскерте кетсек, бейшемби куну Россия Федерациясы Россия армиясы Украинанын канаттуу ракета жана дрон чыгарууга тиешеси бар коргонуу өнөр жайынын комплексине катуу сокку уруп жооп кайтарганын кабарлаган.