Кеңири масштабдагы санариптештирүү: КУЭТ 2026-жылы 390 миң акылдуу эсептегич орнотот

Sputnik
Кыргызстанда электр энергиясын эсепке алуу системасын өнүктүрүү иштери уланууда. Дүйнөлүк банктын колдоосу менен өлкө боюнча жүз миңдеген интеллектуалдык эсептегичтер орнотулмакчы. Бул жаңылануу электр энергиясын так эсептөөгө, жоготууларды азайтууга жана керектөөнү ачык көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Жаңы система энергетика тармагын канчалык деңгээлде өнүктүрөт? Жоготуулар канчалык азаюууда? Ушул жана башка маанилүү суроолорго “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директордун коммерциялык маселелер боюнча орун басары Уларбек Дүйшө уулу жооп берди.