Өлкөдө эмгек рыногундагы абал жана эң көп талап кылынган кесиптер тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымат берди.Ага ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы менен өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайызды түзгөн, ал эми расмий катталган жумушсуздардын саны 38 миңден ашкан. Жыл башынан бери 8 миңден ашык бош жумуш орундары катталып, учурда алардын 5 миңден ашыгы актуалдуу бойдон калууда.Эң көп суроо-талап: тигүүчүлөргө, тейлөө кызматтары тармагында, мугалимдер жана медицина кызматкерлери, айдоочулар,курулуш адистери, программисттер жана IT адистере түшөрү белгилүү болду. Министрликтин маалыматына караганда, биринчи кварталда үч жарым миңден ашык адам жумушка орноштурулган, ал эми 2 миңден ашуун жаран кесиптик окууга жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, убактылуу акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга дээрлик 2 миң адам тартылган.Ведомство эмгек рыногуна ылайык кайра даярдоо жана кесиптик окутуу программалары улантыларын билдирди.
Ош облусунун Гүлчө шаарында ипотекалык турак жай куруу пландалууда. Долбоорду Мамлекеттик ипотекалык компания ишке ашырат. Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев курулушка даярдык менен таанышып, жергиликтүү бийлик менен долбоордун деталдарын талкуулады.Планга ылайык, Курманжан-Датка аймагында 12 блоктон турган 9 кабаттуу үйлөр курулат. Батирлер 1, 2 жана 3 бөлмөлүү болот.Долбоордо ошондой эле балдар аянтчалары, эс алуу зоналары, унаа токтотуучу жайлар сыяктуу инфраструктура каралган.Белгилей кетсек, Гүлчө шаар статусун былтыр сентябрда алып, республикадагы райондук деңгээлдеги 18-калаага айланган. Калкынын саны 15 миңге жакын. Учурда 3 миңдей адам турак жай жана жер алуу үчүн кезекте турат.
Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Филиппинде өтө турган Азия Кубогуна катышат. Чучукулактын негизинде Кыргызстан А тайпасына түшүп, Филиппин, Кытай, Түштүк Корея, Австралия, Өзбекстандан келген командалар менен беттешет. Мелдеш ушул жылдын 6–14-июнь күндөрү Филиппинде өтөт , ага жалпысынан 12 команда катышат.Тайпалык этапта командалар айлампа форматында ойнойт. Ар бир тайпадан эң мыкты эки команда жарым финалга чыгат. Калгандары 5–8 жана 9–12 орундар үчүн улантат.Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы бул турнирге тарыхта биринчи жолу катышууда. Алар буга чейин CAVA Лигасында 3-орун алып, Азия Кубогуна жолдомо алган.