БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрүндө Кыргызстанда өндүрүлгөн аялдардын курткаларына, пальто жана башка сырт кийимдерге болгон суроо-талап 10 эсе өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Январда 62,6 миң даана кийим сатылды, ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги көрсөткүч 6,2 миңди түзгөн. Баары уюмга мүчө мамлекеттерге жөнөтүлгөн.
Белгилей кетсек, ЕАЭБге жеңил өнөр жай товарларын, айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо арбыды. Текстиль товарларынын 78 пайызы, азык-түлүк жана агрардык продукциянын 60 пайызы уюм ичинде таркайт.