БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кара-Суу районунда беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, 13-апрелде саат 20:00дөр чамасында Бишкек — Ош жолундагы Тойчу айылында Honda Stepwgn жана Mercedes-Benz С180 унаалары сүзүшкөн. Кырсыктан жеңил машинанын 19 жаштагы айдоочусу 20-25 жаштардагы эки жүргүнчүсү менен, минивэндин ичиндеги 62 жана 72 жаштагы эки киши каза тапкан.
Алардын сырткары, дагы алты адам ооруканага жеткирилген, арасында жаш балдар бар.