БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Евробиримдик Киевге 90 миллиард евро насыя бөлсө, Владимир Зеленский бир бөлүгүн өз кишилерине берет. Бул туурасында Европарламенттин депутаты РИА Новостиге интервью берип жатканда айткан.
"Менимче, бул акчанын белгилүү бир бөлүгү коррупциялык схемалар аркылуу сол чөнтөккө кетет. Зеленский мырза өзүнүн жакын чөйрөсүн кур жалак калтырбайт болушу керек", — деген ал.
Ал арада Еврокомиссиянын өкүлү Балаш Уйвари Украинага 90 миллиард евролук насыянын алгачкы траншын чегерүү үчүн зарыл болгон маанилүү үч документ дагы деле даярдалып бүтө электигин билдирди
Украинанын 2026-2027-жылдарга каралган каржылык муктаждыктарын жабуу үчүн Евробиримдикке мүчө өлкөлөр 90 миллиард евролук биргелешкен насыя боюнча чечимди 2025-жылдын декабрындагы саммитте кабыл алышкан. Венгрия, Словакия жана Чехия бул акчаны камсыздоого катышуудан баш тарткан.
Саммиттен кийин Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина каражатты баары бир кайтарып бербестигин, Евробиримдиктин Киевге берген бул карызын аталган чечимди кабыл алгандардын балдары менен неберелери төлөп каларын баса белгилеген.