БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Сексенден ашык кишинин үч миллион сомдон көп акчасын алдап кеткен деп шектелген аял кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти.
Төрт күн мурда Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жарандардын тобу арыз менен кайрылып, анда О.Н. аттуу жаранга чара көрүүнү суранышкан.
"Арыз ээлеринин айтымында, аталган жаран бир компания аркылуу дары-дармек сатуу шылтоосу менен иш жүргүзүп, элдин ишенимине кирип, акчасын алган. Бирок төлөнгөн товар кардарларга берилген эмес, акча да кайтарылбаган. Милицияга баш-аягы 80дей киши кайрылган. Материалдык зыяндын көлөмү алдын ала эсеп боюнча, болжол менен 3 000 000 сомду түзөт", — деп айтылган маалыматта.
Тартип сакчылары арыздын негизинде 1960-жылы туулган О.Н. аттуу жаранды кармап, Ленин райондук ИИБдин тергөө кызматына жеткирген. Аял андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Милиция бул аялга алданып калгандар болсо 0503 777 666, 0501 491 940, 0705 949 646 телефон номерлерине чалып, билдирүүнү айтты.